Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын
ТОКТОМУ
21.08.2024 №40
Кара-Мык айылы
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 492-беренесине ылайык иш алып баруу үчүн Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузууларды кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча комиссиянын курамын жана Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 492-беренесине ылайык иш алып баруу үчүн Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузууларды кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча комиссиянын курамын жана Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитип берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнун башчысы Б.Нышанбаедин № 01-18/742 15.08.2024-жылдагы өтүнүч катыны угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 492-беренесине ылайык иш алып баруу үчүн Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузууларды кароо жана жаза чараларды көрүү боюнча комиссиянын курамын жана Жекенди айыл өкмөтүндө укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобосу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Токтомдун аткарууга алуу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ө.Абдрахмановага жүктөлсүн.
Тѳрага | С.Халилов |