Загрузка документа…
Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезектеги отузунчу сессиясынын
ТОКТОМУ
21.08.2024 №41
Кара-Мык айылы
Жекенди айылдык кеңешинин 28-декабрь 2023-жылдагы Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин № 01-19/16 11.12 2023-жылдагы Жекенди айылдык аймагына караштуу “Чек” участкасынан № 1767 контурунан 17,7 га “таза жайыт” жана “Жекенди талаасы” участкасынан № 1956 контурнан 20,0 га “таштуу жайыт” жерлерини, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясында турган жалпы 37,7 га жайыт жер аянтын турак-жай куруу үчүн “Калктуу конуш (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги отуз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин № 01-19/16 11.12 2023-жылдагы Жекенди айылдык аймагына караштуу “Чек” участкасынан № 1767 контурунан 17,7 га “таза жайыт” жана “Жекенди талаасы” участкасынан № 1956 контурнан 20,0 га “таштуу жайыт” жерлерини, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясында турган жалпы 37,7 га жайыт жер аянтына турак жай куруу үчүн “Калктуу конуш (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
Тѳрага | С.Халилов |