Загрузка документа…
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ
24.07.2024 №21/8
Гулбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024- жылдын 3-кварталына жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2024-жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш даярдалып, 2024-жылдын III-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын I-жарым жылдыгында айыл чарба багытындагы жерлердин салыгынын жоготууларын республикалык бюджет тарабынан каржыланган 274,8 миң сом жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөрү №1 тиркимеге ылайык бекитилсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III - квартал ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнүн кошумча каражаттарынын өзгөртүүлөрү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шерматов |