Загрузка документа…
ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 7-майы №11-1
Даарылануу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Памир-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Могол айылынын тургуну Орозов Таалайбек Кеңешбаевичтин дарылануусу үчүн Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражатын сурап жазган арызы боюнча медициналык корутундуларын карап, жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп, Памир-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Могол айылынын тургуну Орозов Таалайбек Кеңешбаевичтин дарылануусу үчүн Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы К.Анарбаевге тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Н.Койчуман уулу |