Загрузка документа…
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ
24.07.2024 №21/7
Гулбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасына көмөкчү чордон орнотууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасынын тургундарынын электр энергия менен жеткиликтүү камсыз кылып берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасынын тургундарынын жазган арызы канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасынын №170 контурундагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан 16,0 чарчы метр жер аянты көмөкчү чордон орнотуу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шерматов |