Загрузка документа…
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ
24.07.2024 №21/5
Гулбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027- жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2025-жылга индикативдик божомолуна ылайык, айыл өкмөтүнүн ишкана-мекемелердин жетекчилери жана айыл тургундарынын катышуусу менен Керме-Тоо айылдык өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорунун киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар №1 тиркемеге ылайык 30210,0 миң сомго белгиленсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун киреше булактарын жана чыгашаны каржылоого каражаттар №2 тиркемеге ылайык 2026-жылга 31513,9 миң сомго жана № 3 тиркемеге ылайык 2027-жылга 33154,9 миң сомго белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шерматов |