Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 4-июлу №26
Күң-Элек айылындагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ачылып жаткан кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү мекемесине ат коюу жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы К. Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап 2024-жылдын 28-июнундагы Күң-Элек айылындагы элдик жыйындын №5 протоколунун негизинде Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2024-жылдын 24-июнундагы Күң-Элек айылындагы элдик жыйындын №5 протоколунун негизинде “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ачылып жаткан кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү мекемесине билим берүү тармагында 40 жыл эмгектенген, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасынын” ээси Абдулаева Бүмайрам Ураймовнанын аты ыйгарылсын;
2.Кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү мекемесин ишке киргизүү боюнча иш аракеттерди көрүү жана уюштуруу жагы Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго милдеттендирилсин;
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Орозали уулу |