Загрузка документа…
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ
24.07.2024 №21/4
Гулбаар айылы
“Араван районунун маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелери жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө
Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 24-январындагы “Араван районунун маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелери жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө №01-5/50 кайрылуу катын карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 24-январындагы №01-5/50 саны менен келип түшкөн “Араван районунун маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелери жөнүндө” Жобосу бекитилсин (тиркелет).
2. “Араван районунун маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелери жөнүндө” Жобосундагы эрежелер Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында аткарууга алынсын жана Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен биргеликте иш алып барылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шерматов |