Загрузка документа…
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ
24.07.2024 №21/3
Гулбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагына тоок ферма куруу максатында жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Жеке ишкер Ч.Айдаровдун арызына ылайык Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагына тоок фабрика куруу максатында Кароол-Дөбө участкасынын №716, 717 жана 731 контурундагы жайыт жер аянтынан 1,80га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) маселесин карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кароол-Дөбө участкасынын №716, 717 жана 731 контурунда жайгашкан “Жайыт” жеринен 1,80га жер аянтын тоок фабрика куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) байланыштуу иш кагаздарын даярдоо жана Араван райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шерматов |