Загрузка документа…
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ
24.07.2024 №21/2
Гулбаар айылы
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча Программасын бекитүү жөнүндө” №490 токмонунда белгиленген пункттарын аткаруу жана Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясынын 3-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга кетүүчү финансылык чыгымдарын камсыздоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Белгиленген мөөнөттө калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу жана Программаны аткаруу үчүн 60 000 (алтымыш) миң сом акча каражаты 2024-жылдын 4-кварталына карата бөлүнүп берилсин.
3. Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча тийиштүү иштер алып барылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шерматов |