Загрузка документа…
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ
24.07.2024 №21/81
Гулбаар айылы
Араван районун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндөгү меселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылга 6 айдын атайын счетунун киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Тѳрага | А.Шерматов |