Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 4-июлу №28
Кичи-Бүлөлү айылындагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ачылып жаткан кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү мекемесине ат коюу жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы К. Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап 2024-жылдын 28-июнундагы Кичи-Бүлөлү айылындагы элдик жыйындын №7 протоколунун негизинде Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2024-жылдын 24-июнундагы Бүлөлү айылындагы элдик жыйындын №7 протоколунун негизинде Кичи-Бүлөлү айылындагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ачылып жаткан кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү мекемесине “Келечек” аталышы ыйгарылсын;
2.Кыска мөөнөттүү мектепке чейинки билим берүү мекемесин ишке киргизүү боюнча иш аракеттерди көрүү жана уюштуруу жагы Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго милдеттендирилсин;
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Орозали уулу |