Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июлу №33-02
Көк-Бел айыл өкмөтүнө суу ташуучу автоунаа алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Ош облусунун өнүктүрүү фондунан суу ташуучу автоунаа алууга айыл аймагынын өздүк салымын кошуу үчүн, Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн астында түзүлгөн “Көк-Бел берекеси” муниципалдык ишканасына Көк-Бел айыл аймагынын негизги жолдоруна суу себүү үчүн суу ташуучу автоунаа алууга макулдук берилсин.
2.Көк-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Ош облустук өнүктүрүү фондунан суу ташуучу автоунаа алууга 2 200 000(эки миллион эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Ашимов |