Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июлу №33-03
Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 28- беренесинин 5- пунктунун жана Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 353 токтомунун негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши “Кайрагач” көчөсүнүн жашоочуларынын арызын карап жана талкуулап чыгып токтом кылат:
1.“Кайрагач” көчөсүнүн жашоочуларынын арыздары канаатандырылсын.
2.“Кайрагач” көчөсүн «Тиллаев Арапбай » атындагы көчө деп өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3.Көчөнүн атын өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бүтүрүү жагы айыл башчы С.Бакытбековго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин маданият, жаштар иштери жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы
Төрага |
А.Ашимов |