Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган ( 7-шайланган ) № 17-сессиясынын жыйналышынын

ТОКТОМ

 

31.01.2024 №17/1                                                

Тогуз-Булак  айылы

 

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетин бекитүү жана 2023-жылдын бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө

 

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетин бекитүү жана 2023-жылдын бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. 2024-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери 22076,7 миң сом жана чыгашалары 22076,7миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Сары- Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин кирешелери 25020,2 миң сом, ал эми чыгашалары 24745,9 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин.

3. 2023-жылга Айыл өкмөтүнүн бюджеттинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1- тиркемеге ылайык аныкталсын. ( тиркеме тиркелет ). Айыл окуругунун чыгаша бөлүгү 2024 -жылга тушкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.

4. Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

5.. Бекитилген бюджеттин аткарылышын жана сарамжалдуу сарпталуусун көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрайым

 Г.Жумаева