Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры №34-01
Алтынды кайра иштетүүчү фабрика куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 28- беренесинин 5- пунктунун, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, “Ноэлия Групп” ишканасынын арызын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагына “Ноэлия Групп” ишканасына Көк-Бел айыл аймагына алтынды кайра иштетүүчү фабрика курууга уруксат берилсин.
2.Фабрика курууга, андан чыккан калдыктарды төгүүгө тиешелүү жер аянтын тактап, аныктап чыгуу жагы айыл өкмөттүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Фабрика куруу долбоорун, экологиялык коопсуздук жана финансалык кызыкчылык маселелерин “Ноэлия Групп” ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте иштеп чыгуу, аны айылдык кеңешке сунуштоо жагы айыл өкмөттүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча жана айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн..
Төрага |
А.Ашимов |