Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры №34-02
Муниципалдык менчиктеги тигүү цехин ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 28- беренесинин 5- пунктуна жана муниципалдык менчикти сарамжалдуу, натыйжалуу пайдалануу максатында “Муниципалдык менчик жөнүндө”мыйзамдын 15-беренесине ылайык Көк-Бел айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“CASA -1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Маматов Маратбек Раимбердиевич тарабынан муниципалдык мүлктү бизнесс-өнөктөш Айткулов Токтобай Рысмаматовичке ижарага берүүсүнө макулдук берилсин.
2.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Маматов Маратбек Раимбердиевич, белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актысынын негизинде өткөрүп берсин.
3.Бизнесс-өнөктөш Айткулов Токтобай Рысмаматовичке, өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы менен ижарага алган мүлктү максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
4.Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде жана Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа ” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Ашимов |