Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры №34-03
Жайыт жердин багытын өзгөртүү жана ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 28- беренесинин 5- пунктуна ылайык Көк-Бел айыл аймагынын тургундарынын арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жарандар: Л.Ажымаматов, А. Раев жана Н.Сыдыковдордун арыздары канааттандырылсын.
2.Жер аянтын тактоо, трансформациялоо жана ижарага берүү жагы айыл өкмөттүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага |
А.Ашимов |