Загрузка документа…
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган ( 7-шайланган ) № 20-сессиясынын жыйналышынын
ТОКТОМ
04.06.2024 №20/3
Тогуз-Булак айылы
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы аренда жерлеринин баштапкы баасын бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижарадагы аренда жеринин баасын бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижарадагы аренда жеринин баштапкы баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Чөп орунду аренда жер - 500 сомго белгиленсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет экономика муниципиалдык менчик айыл чарбасы инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Кадыркуловго жана Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Бакиров Жамшитбек Токтосуновичке милдеттендирилсин.
Тѳрайым | Г.Жумаева |