КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры №34-05
Көк-Бел айылдык кеңешинин 2016-жылдын № V-03 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 28- беренесинин 5- пунктуна ылайык, Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М. Маматовдун сураныч катын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айылдык кеңешинин 2016-жылдын № V-03 токтомуна өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилсин.
2.К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектеби жайгашкан муниципалдык менчиктеги 2,275га жер аянтынан, жаңы курулуп жаткан 100 орундуу мектепке чейинки билим мекемеси үчүн 0,26 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Ажыратылган жер аянтынын чек арасын тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча адиси Ш.Шерматовго жүктөлсүн.
4.Ноокат райондук “Кадастр” ишканасынан жана Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарды бүтүрүп берүү жагы суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына.
Төрага |
А.Ашимов |