Загрузка документа…
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган ( 7-шайланган ) № 20-сессиясынын жыйналышынын
ТОКТОМ
04.06.2024 №20/5
Тогуз-Булак айылы
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тегерек-Саз айылына Арап кайрымдуулук фонду тарабынан жаңыдан курулган ФАПтын атын ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган маркум Эркинбаева Гүлбарчындын ысымын берүү жөнүндөгү Тегерек-Саз айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун кароо жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тегерек-Саз айылындагы жаңыдан курулган ФАПка ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү болгон маркум Эркинбаева Гүлбарчындын ысымын берүү жөнүндөгү Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа айылдарынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун угуп жана талкуулап Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган ( 7 -шайланган) № 19-сессиясынын жыйналышы
Тотом кылат:
1.Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тегерек-Саз айылындагы жаңыдан курулган ФПАка ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аял болгон маркум Эркинбаева Гүлбарчындын ысымын берүү жөнүндөгү Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа айылдарындагы жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.
30-сентябрь 2023-жылда өтүлгөн Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа айылдарынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Тегерек-Саз айылындагы жаңыдан курулган ФАПка ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген, эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Эркинбаева Гүлбарчындын ысмы берилсин.
3. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа айылдарынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Тегерек-Саз айылындагы жаңыдан бүткөн ФАПтын аталышы 2024-жылдын 04-июндан баштап Эркинбаева Глүлбарчын антындагы ФАП деп аталсын..
4. Суралсын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Тегерек-Саз айылындагы жаңыдан курулган ФАПка Эркинбаева Гүлбарчындын атындагы көчө деп документештирип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрайым | Г.Жумаева |