Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры №34-06
“Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 28- беренесинин 5- пунктуна ылайык , Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун сураныч катын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Н.Исанов атындагы орто мектеби жайгашкан муниципалдык менчиктеги 2,00га жер аянтынан, “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 0,147га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ажыратылган жер аянтынын чек арасын тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча адиси Ш.Шерматовго жүктөлсүн.
3.Ноокат райондук “Кадастр” ишканасынан жана Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарды бүтүрүп берүү жагы суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына.
Төрага |
А.Ашимов |