Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры №34-07
“Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамына ылайык , кошумча тайпа ачуу жөнүндөгү элдик жыйындын протоколуна негиз, “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Г.Бекиеванын сураныч катын жана Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун билдирүүсүн карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде кошумча тайпа ачуу жөнүндөгү элдик жыйындын протоколу канааттандырылсын.
2.“Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
3.“Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде кошумча ачылып жаткан тайпага керектелүүчү каржыны Республикалык бюджетке киргизүү айыл өкмөттүн башчысы М.Маматовго, жаңы тайпага тиешелүү шарттарды түзүү “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Г. Бекиевага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага |
А.Ашимов |