Загрузка документа…
КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры №34-08
Коомдук алдын алуу борборунун имараты үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамына ылайык , Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлигинин Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн 14-октябрь 2024-жыл № 9/7130 сандуу сураныч катын жана Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовдун билдирүүсүн карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Көк-Бел айыл аймагынан Коомдук алдын алуу борборунун имараты үчүн “Калктуу конуштардын” категориясындагы муниципалдык жерден 0,2 га жер аянтын ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2.Ажыратылган жер аянтынын чек арасын тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча адиси Ш.Шерматовго жүктөлсүн.
3.Ноокат райондук “Кадастр” ишканасынан жана Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарды бүтүрүп берүү жагы суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Ашимов |