Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ
28.06.2024 №24
Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн эки эсе көтөрүү, 2025-жылга долбоору жана 2026-2027-жылга болжолу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз VI-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын бюджеттин кирешелер бөлүгүн эки эсе көтөрүү боюнча тапшырмаларын аткаруу максатында Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 31-майындагы 01-19/843,01-19/844 сунуш негизинде менен Савай айыл өкмөтүнүн өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2025-жылга долбоору жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Савай айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылга долбоору жана 2026-2027-жылдарга болжолу, бюджеттин киреше бөлүгүн эки эсе көтөрүү боюнча тарифтери №1, №2, №3, №4 тиркемелерге ылайык бектилсин.
3. Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга киреше бөлүгүнүн чыгашаларын жабууга жетишпеген каражаттарды Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин теңдештирүүчү грант катары бөлүп берүү жагы суралсын.
4. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жергиликтүү бюджетти көтөрүү боюнча чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Мамашов
|