Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ
28.06.2024 №26
Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн документтер менен иштөөнүн Регламенти жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз VI сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1. Савай айыл өкмөтүнүн аппаратында документтер менен иштөөнүн Регламенти (мындан ары– Регламент) №1,2,3 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө өз иш аракеттерин Савай айыл өкмөтүнүн аппаратында документтер менен иштөөнүн Регламенти менен бекитилген тиркемелерге ылайык алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мамлекеттик тил, маданият, дин, каада-салт, этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Мамашов
|