Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ
28.06.2024 №27
Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин алдында ачылган 3 саатык бала бакчалардын базасында 10 саатык бала бакча ачуу үчүн макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз VI-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1.Савай айылдык аймагынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик акселератор» программасынын алкагында КелечекБилимберуудолбооруаркылууСавай айыл аймагындагы Пионердин 50 жылдыгы, Кен-Сай, Х.Таширов атындагы орто мектептеринин алдында ачылган 3 саатык бала бакчанын базасында 10 саатык бала бакча ачуу үчүн макулдук берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн Пионердин 50 жылдыгы, Кен-Сай, Х.Таширов атындагы орто мектептеринин алдында ачылган 3 саатык бала бакчаны базасында 10 саатык бала бакча ачуу жөнүндө кабыл алынган токтомду колдоп берүү жагы суралсын.
3. Савай айыл өкмөтүнө, Пионердин 50 жылдыгы , Кен-Сай, Х.Таширов атындагы орто мектептеринин директорлоруна:
- Савай айыл аймагындагы Пионердин 50 жылдыгы, Кен-Сай, Х.Таширов атындагы орто мектептеринин алдында ачылган 3 саатык бала бакчаны базасында 10 саатык бала бакча ачуу багытында иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө спорт, жаштар иштери жана эл агартуу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Мамашов
|