Загрузка документа…
Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ
28.06.2024 №28
Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага берүү жана түз сатууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз VI-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат:
1.Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага берүү жана түз сатууга макулдук берүү жөнүндө каты менен берилген сунушу кабыл алынсын.
2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы “Муниципалдык менчиктеги турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” №571 токтомунун негизинде муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага берүү жана түз сатуу боюнча иштерин алып баруу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештинайыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Тѳрага | Б.Мамашов
|