Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 9
“2026-жылга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө”
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн бекитип берүү боюнча Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн СЭӨБнүн башчысынын кайрылуусун угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Папан айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Т.Зулпуевдин Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү боюнча 01.01.2024-жылдан 31.12.2024-жылга чейин жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин негизинде аныкталган социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 216,4 тонна 1152,8 миң сомго ашыкча калдык калгандыгы аныкталгандыгына байланыштуу 2025-жылдын бюджетине көмүрдүн көлөмү 216,4 тонна 1152,8 миң сомго азайтылып киргизилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |