АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү кенештин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги
XV сессиясы
2024-жылы 19-январы №85
Жергиликтүү бийлик жана башкаруу органдарынын муниципалдык кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн кошумча эмгек акы төлөө боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтому жергиликтүү бийлик жана башкаруу органдарынын муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө указынын 2-пунктунун жана анын №4 тиркемесине ылайык мамлекеттик кызматта иштеген эмгек акы стажына жараша кошумча эмгек акы төлөө боюнча Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө иштеген муниципалдык кызматкерлердин тизмесине, штаттык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын №608 5-сентябрь 2002-жылдагы токтомуна ылайык такталган жана мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген эмгек акы стажы эсептелсин.
2. Кошумча эмгек акы төлөо боюнча аныкталып, райондук каржылоо бөлүмүнө бир нускада тиркемеси менен тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы башкы бухгалтер Э.Маматовго милдеттендирилсин.
Төрайым: | З.Разакова |