Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жергиликтүү кенештин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги

XV сессиясы

2024-жылы 19-январы №86

 Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январь айына карата жергиликтүу бюджеттин  2023-жылдан өткөн калдык каражатттарын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине  жана финансы -экономика , бюджет экономикалык жактан өнүгүунүн болжолдуу багыттарын  жана инвестиция меселелри боюнча туруктуу комиссиясынын Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүу бюджеттен  калдык болуп өткөн  акча каржаттарын  айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде   Алтын-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына жергиликтүу бюджеттен калдык болуп өткөн 1049,5 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде тиешелүү бөлүкчөлөргө смета түзүлүп иштетилсин.

2. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы эске алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жүктөлсүн.

 

Төрайым:

 З.Разакова