Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №3
Ноокат шаарынын 2025-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Шаардын экономикасын көтөрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу, көйгөйлүү маселелерин чечүү максатында шаардын аймактарына инвестицияларды тартуу багытында 2024-жылдын 6-февралында Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын №2-токтому менен бекитилген Ноокат шаарынын 2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2025-2026-жылдарга карата ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясы тактамасына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “КР Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү”, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ченемдик укуктук актыларынын 4-главасындагы Жергиликтүү кеңештердин ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери боюнча 31-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин регламентинин талаптарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-жылдын 6-февралындагы №2-токтому менен бекитилген Ноокат шаарынын 2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2025-2026-жылдарга карата ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына өзгөртүү толуктоо киргизилсин.
2.Ноокат шаар мэриясынын 2025-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын Иш-аракеттер планы бекитилсин.
3.Токтомдун көчүрмөсүн аткаруу жана маалымат үчүн тийиштүү тараптарга жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Эгембердиев |