Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жергиликтүү кенештин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги

XV сессиясы

2024-жылы 19-январы №88

 Муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

Алтын-Булак айыл аймагындагы Кандава  айылынын А.Абжапаров көчөсү менен А.Белеков көчөсүнүн кесилишиндеги  №3445 контурунда жайгашып, жердин түрү боюнча  калктуу конуш (усадьба)  болгон  200 Кв.м   жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы  М.Мырзахматовдун маалыматын талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомнунун негизинде    Алтын-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алтын-Булак айыл аймагындагы Кандава айылынын А.Абжапаров көчөсү менен А.Белеков көчөсүнүн кесилишиндеги №3445 контурунда жайгашып, жердин түрү боюнча калктуу конуш (усадьба) болгон 200 Кв.м жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл өкмөт башчы М.Мырзахматовго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрайым:

 З.Разакова