Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №5
Ноокат шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарды республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө
“Жергиликтүү бюджеттеринде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо” жөнүндөгү жобону бекитүү боюнча №126 токтомун ишке ашыруу максатында Ноокат шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы мекеме-ишканалардын керектөөчү электр энергиясынын лимити бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ноокат шаарынын мэри Б.Эгеналы уулуна жана Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
М.Эгембердиев |