Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №6
Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Ноокат шаарынын мэриясы мекемесинин алдындагы ММДнын “Муниципаллдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобосун” бекитип берүү жөнүңдө маселе Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8г 2-бөлүгүнө ылайык, отурумундагы депутаттардын сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Муниципиалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Эгембердиев |