АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жергиликтүү кенештин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги
XV сессиясы
2024-жылы 19-январы №90
Алтын-Булак айыл аймагынын Чечебай айылына курулуучу “Сүттү топтоп сатуучу” ишкананын 2-проектисин колдоо максатында акча каражатын бөлүү жөнүндө
Алтын-Булак айыл аймагынын Чечебай айылына курулуучу “Сүттү топтоп сатуучу” ишканасынын 2-проектиси “Сүттү кайра иштетүү” долбооруна колдоо көрсөтүү боюнча Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл аймагын Чечебай айылына курулуучу “Сүттү топтоп сатуучу” ишкананын 2 проектиси ЮСАЙД дын агро соода борбору долбооруна жазылган грнаттык иш чарага сөзсүз түрдө болуучу өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн эсебинен кошумча каржылоо 500,0 мин сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке жүктөлсүн.
Төрайым: | З.Разакова |