Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №8
Ноокат шаар мэриясынын Ноокат шаар кеңешинин жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлеринин эмгек акысына үстөктөрдү кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 ПЖ Жарлыгынын 4-5-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаар мэриясынын, Ноокат шаар кеңешинин жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы Муниципалдык Менчик Департамент кызматкерлеринин айлык маяналарына коюлган 50 пайыз үстөктү бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар, Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кошмо отурумуну тактамасынын жыйынтыгында, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын кызматкерлеринин кошумча эмгек акысына 50 пайыздык үстөк үчүн 1779,1 (бир миллион жети жүз жетимиш тогуз миң бир жүз) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 306, 9 ( үч жүз алты миң тогуз жүз) сом акча каражаты бекитип берилсин.
2.Ноокат шаар кеңешинин кызматкерлеринин кошумча бир айлык эмгек акысына 50 пайыздык үстөк үчүн 122, 9 ( бир жүз жыйырма эки мин, тогуз жүз) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 21, 2 ( жыйырма бир миң, эки жүз) сом акча каражаты бекитип берилсин.
3.Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине 50 пайызга чейинки үстөк акча туруктуу негизде төлөнсүн. Ал эми 50 пайызга чейинки үстөк акча үчүн 1 082 682 ( бир миллион сексен эки миң алты жүз сексен эки ) сом, социалдык төлөмдөрү үчүн 186 763 (бир жүз сексен алты миң жети жүз алтымыш үч ) сом акча каражаты бекитип берилсин.
4.Ноокат шаар мэриясынын кенже тейлөө кызматкерлерыне (МОП) жана техникалык тейлөо кызматкерлерыне (ТОП) кошумча 50 пайыздык үстөк үчүн 300 608 (үч жүз миң алты жүз сегиз)сом , социалдык төлөмдөрү үчүн 51 855 ( элүү бир миң сегиз жүз элүү беш) сом акча каражаты бекитип берилсин.
5. Ноокат шаар мэриясынын кызматкерлерин материалдык жүйөлөштүрүү жана аларга дем берүү максатында иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн 50 (элүү) га чейин айлык акысына үстөктүн өлчөмүн белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобо №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерин материалдык жүйөлөштүрүү жана аларга дем берүү максатында иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн 50 (элүү) га чейин айлык акысына үстөктүн өлчөмүн белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобо №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Эгембердиев |