Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №9
Ноокат шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата энелер тарабынан төлөнүүчү взностун өлчөмүн көтөрүү үчүн макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата энелер тарабынан төлөнүүчү взнос ушул күнгө чейин 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө төлөнүп келген. Тамак ашка керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасы өскөндүгүнө байланыштуу взностун баасын 1 500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүнө көтөрүү үчүн ар бир мектепке чейинки билим берүү мекемеси ата энелер жыйналышында талкулашып, алар тараптан макулдук берүү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-бөлүмчөсүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата энелер тарабынан төлөнүүчү взностун өлчөмүн 1000 (бир миң) сом өлчөмүнөн 1 500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүнө көтөрүү үчүн макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Эгембердиев |