Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы

 

2024-жылдын 12-январы  №26-04

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы    жергиликтүү бюджетинен “Көк-Бел нуру” бала бакчасынын тамак ашына акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28- беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”  Мыйзамынын негизинде  Көк-Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 2024-жылга ар бир балага 18 сомдон - 361,4 миң сом жергиликтүү бюджеттен каражат каралсын.

2. “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 2024-жылга ата-энелерден түшкөн каражатына жыл ичинде тактоолор жүргүзүлсүн.

3. Каралган акча каражаты менен өз убагында камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төрага

 А.Ашимов