Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы

 

2024-жылдын 12-январы  №26-07

Айылдык кеңештин 2024-жылга иш планы жөнүндө   

Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101“ Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу    жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, сунушталган иш планды карап жана талкуулап чыгып Көк-Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айылдык кеңештин 2024-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин. ( №1-тиркеме)
  2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына, жооптуу катчысына бир жылдык иш пландын негизинде жумуш алып баруу жагы тапшырылсын.

Токтомдун   аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Сейдалиевага милдеттендирилсин.

  

Төрага

 А.Ашимов

 

 

 

 

                                                                                             Бекитемин

                                                           Төрага ____________________А.Ашимов

                                                                                   12-январь 2024-жыл

 

 

Көк-Бел айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш планы

 

 

№

 

Аткарылуучу иштердин мазмуну

Аткаруу мөөнөтү, мезгили

 

Ким аткарат

1

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылы аткарган иштери боюнча отчет алуу

январь

Айылдык Кеңеш

2

Көк-Бел айыл өкмтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү

январь

Айылдык Кеңеш

3

Жайыт комитетинин 2023-жылы аткарган иштери боюнча отчетун алуу, 2024-жылга бюджетин бекитүү

январь

Айылдык Кеңеш

4

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы аксакалдар сотунун, аялдар Кеңешинин жаштар уюмунун иш пландары менен таанышуу, көзөмөлгө алуу

март

Туруктуу комиссиялар, жооптуу катчы

5

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарын, көрктөндүрүү иштерин жана санитардык абалды көзөмөлгө алуу, уюштуруу

март

Туруктуу комиссиялар, айыл башчы

6

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2022-жылы болгон кылмыштуулуктар жөнүндө маалымат алуу

апрель

Участкалык инспектор,  жооптуу катчы

7

Башка жактан келген малдардын жайыттарга жайгаштырылуусун көзөмөлгө алуу

Апрел-май

Туруктуу комиссия, Т.Турдуев

8

Айыл өкмөттүн иш чараларына, спорт оюндарынын өтүүсүнө көзөмөл кылуу

дайыма

Туруктуу комиссиялар

9

Айыл өкмөттүн  тендерге берген иштери таза акыйкат өтүүсү үчүн көзөмөл жүргүзүү

дайыма

Туруктуу комиссия

10

Ар квартал сайын Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясын бирден кем эмес жолу өткөрүү

квартал

А.Ашимов, А.Жороев

11

Депутаттардын айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларын ишмердүүлүгү боюнча атайын отурумдарды уюштуруу, практикалык жардам көрсөтүу

дайыма

Жооптуу катчы

12

Айылдык Кеңештин сессиясында айтылган сын пикирлер боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышы боюнча кийинки сессияда билдирип туруу

Ар сессиядан кийин

Жооптуу катчы

13

Туруктуу комиссиялардын отчетторун график менен  өткөрүу

Квартал сайын

А.Ашимов, А.Жороев

14

Айыл өкмөттун башчысынын 6-9 айда иштери боюнча отчетун угуу

Июль. Октябрь

Айылдык Кеңеш

15

Пландан ашыкча түшкөн каражат эсебинен 6-9 айда жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү

Июль. Октябрь

Айылдык Кеңеш

16

2025-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү

декабрь

Айылдык Кеңеш

17

Зарылчылыгына карап кезексиз сессияларды өткөрүү

дайыма

Айылдык Кеңеш

 

 

Көк-Бел айылдык Кеңешинин   

жооптуу катчысы                                                                                    А.Жороев