Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

2024-жылдын 07-марты  №28-01

Көмүр кенин аныктоо үчүн чалгындоо   иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалынын 2024-жылдын 9-февралындагы № 01-3/48 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Бел айыл аймагына караштуу “Кожо-Келен” участкасындагы 447,27 жер аянтына көмүр кенин аныктоо үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү жер аянтынын чек арасын тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык иштер боюнча адиси Ш.Шерматовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төрага

 А.Ашимов