КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 29-сессиясы
2024-жылдын 11-апрели №29-01
Жайыт комитетинин башкаруу укугун айыл өкмөткө
өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735- токтомун аткарууга алуу максатында, Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башкаруу укугун айыл өкмөттүн “Көк-Бел берекеси” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарды даярдоо, жайыт комитетинин документин жана мүлкүн тактап өткөрүп алуу жагы айыл өкмөттүн жетекчиси А. Адыбаевге жана муниципалдык ишкананын жетекчиси Э. Жороевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |