Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 19-апрели №30-01
Көк-Бел айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Көк-Бел айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык
картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасына жана Көк-Бел айыл өкмөтүнүн
башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат райондук жергиликтүү мамлекеттик
администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А.Ашимов |