Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-майы №31-02
Көк-Бел айылынын тургуну А.Раевдин арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде, Көк-Бел айылынын калкын күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен камсыз кылуу максатында дүкөн куруу жөнүндөгү айыл тургуну А. Раевдин арызын карап жана талкуулап чыгып, Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айылынын тургуну А. Раевге калкты күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен камсыз кылуу үчүн дүкөн курууга 0,12га жер ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Ажыратылган жердин чек араларын тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси Ш.Шерматовго милдеттендирилсин.
3. Дүкөн курууга тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы А. Раевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |