Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-майы №32-01
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылдык кеңешин кайра түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178-токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айылдык кеңеши мекемеси “Көк-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
2. Юридикалык жактын толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Көк-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши”мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “айылный кенеш Кок-Бельского айылного аймака”.
Кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Көк-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши”м-и.
Расмий тилде: У-е “айылный кенеш Кок-Бельского айылного аймака”.
3. “Көк-Бел айылдык кеңеши” мекемесинин регламенти бекитилсин.
4. Юридикалык дареги (жайгашкан жери) : Кыргыз Республикасы, Ош облусу,
Ноокат району, Көк-Бел айыл аймагы, Көк-Бел айылы, мектеп көчөсү №1.
5. Юридикалык жак мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан
өткөрүлсүн жана каттоодон өткөзүү жагы айылдык кеңешинин төрагасы
Ашимов Асамидин Бөрүбаевичке жүктөлсүн.
6. Токтомдо көрсөтүлгөн мааалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага | А.Ашимов |