Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-майы №32-03
Ноокат райондук прокуратурасынын 2024- жылдын 22-майындагы № А24/140-07-00095 сандуу каршылык билдирүү катын аткарууга
алуу жөнүндө
Ноокат райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 22-майындагы № А24/140-07-00095 сандуу 2024-жылдын 11-апрелиндеги Көк-Бел айылдык кеңешинин (VI чакырылышы) кезексиз 29-сессиясында кабыл алынган № 29-03 сандуу токтомуна карата каршылык билдирүү катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун 8-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 22-майындагы № А24/140-07-00095 сандуу каршылык билдирүү катында көрсөтүлгөн талап аткарууга алынсын.
2. 2024-жылдын 11-апрелиндеги Көк-Бел айылдык кеңешинин (VI чакырылышы) кезексиз 29-сессиясында кабыл алынган №29-03 сандуу токтому жокко чыгарылсын.(токтом тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |