Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-майы №32-05
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2002-жыл 5-декабрь № 57 жана Көк-Бел
айылдык кеңешинин 2003-жыл 9-январь № III-4 токтомдору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши айыл жашоочуларынын арызын карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айылынын тургундарына там арка жер үчүн Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2002-жыл 5-декабрь № 57 жана Көк-Бел айылдык кеңешинин 2003-жыл 9-январь № III-4 токтомдору менен № 943- контурдан айыл тургундарына берилген 0,15 га өлчөмүндөгү жер аянты жана № 895- контурдан айыл тургундарына берилген 0,12га жер аянты өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |