Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 1/2
Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөңүндө.
Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын
төрагасына айылдык кеңештин депутаты Сагынбек уулу Шайлообек,
катчысына айылдык кеңештин депутаты Сагынбаева Аселькан
мүчөсүнө айылдык кеңештин депутаты Дүкөнөева Калипа бекитилсин.
2. Эсептөө комиссиясынын төрагасына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.
3. Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Алиева |