Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 1/6
Кара-Кочкор “Таза-Суу” муниципалдык ишканасына Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карала турган бюджетинен 700 000 (жети жүз ) мин сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Респбуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31”-Айылдык Кенешти компетенциясы жөнүндө” беренесинин “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондордон пайдаланышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2-“Тийешелүү аймактын социалдык-маданий инфрастуруктурасын өнүктүрүү боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн жетекчилике алып Кара-Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кочкор “Таза-Суу” муниципалдык ишканасына областык өнүктүрүү фондунун жардамы менен эксковатор алуу үчүн , Кара-Кочкор айыл өкмөтүнун 2025-жылга карала турган бюджетинен өздүк салым үчүн 700 000 (жети жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жана Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |