Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 1/8
Кара-Кочкор айылындгы Т.Айдаров атындагы бала-бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карала турган бюджетинен өздүк салым үчүн, 320 000 (үч жүз жыйырма ) мин сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Респбуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31”-Айылдык Кенешти компетенциясы жөнүндө” беренесинин “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондордон пайдаланышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2-“Тийешелүү аймактын социалдык-маданий инфрастуруктурасын өнүктүрүү боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү бөлүмчөлөрүн жетекчилике алып Кара-Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айылындагы Т.Айдаров атындагы бала-бакчасын Түрткүү берүүчү гранттын жардамы менен капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карала турган бюджетинен өздүк салым үчүн, 320 000 (үч жүз жыйырма) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жана Кара-Кочкор айылдык Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э |